Жаңылыктар
Самат Абдрахманов америкалык мушкер менен беттешет
Спорт
Самат Абдрахманов америкалык мушкер менен беттешет

25-декабрда Самат Абдрахманов Hardcore FC уюмунун алкагында бокс боюнча америкалык Элвин Брито менен беттеш өткөрөт. Бул эрөөл турнирдин негизги кезигүүсү болот.

Самат – Hardcore гран-принин жеңүүчүсү. Финалда аталган спортчу Лендруш Акопянды 4-раундда нокаут менен утуп алган. Ушул жылдын март айында эле «Кыргыз» Hardcore FCнин алкагында Гилберт Патросиниону ишенимдүү түрдө жеңип чыкты. Учурда Самат 7 жолу рингге чыгып, баарында жеңүүчү болгон.


Брито – Bare Knuckle уюмунун жарым-орто салмак категориясынын биринчи номуру. Мушкер карьерасында 8 беттеш өткөрүп, 5 ирет женип, 3 жолу утулган.

Белгилей кетсек, Hardcore уюмунун жетекчилиги UFCнин мурдагы чемпиону Жозе Альдо менен Саматтын беттешин өткөрүү аракетин көргөн. Атүгүл, кыргыз спортчу ММА легендасына видео кайрылуу жасаган. Бирок, Hardcore уюмунун башчысы Анатолия Сульяновдун айтымында Альдо акыркы учурда келишимге кол коюудан баш тарткан.