Жаңылыктар
Кыргызстан курамасы дүйнөлүк рейтингде жогорку орунга чыкты
Спорт
Кыргызстан курамасы дүйнөлүк рейтингде жогорку орунга чыкты

Футбол боюнча Кыргызстан улуттук курама командасы ФИФАнын тизмесинде 94-катарга көтөрүлдү. Жаңыланган рейтинг 22-декабрь күнү жарыяланды. 

Буга чейин "ак шумкарлар" 95-орунда болчу. Ал эми Азия футбол конфедерациясында улуттук курама 46 команданын ичинен 16-орунду ээлейт.

ФИФАнын тизмесинин сап башында Франция, Аргентина жана Бразилия жайгашууда.