Волейбол боюнча Кыргызстан жаштар курамасы Борбордук аймактагы командалардын арасында болуп жаткан Азия чемпионатында жеңиш менен баштады. Турнир 22-декабрда Бангладештин Дакка шаарында старт алды. Мелдешке 4 команда катышуда (Кыргызстан, Бангладеш, Шри-Ланка жана Непал).
Белгилей кетсек, улуттук курамалар 23 жашка чейинки оюнчулар менен түзүлгөн. Эрежеге ылайык, командалар бир-бири менен ойноп чыгышат. Андан кийин жарым финалчылары белгилүү болот.
Биринчи турда Кыргызстан курамасы Шри-Ланка менен беттешип, 3:1 эсебинде утуп алды. Эми кыргызстандыктар 23-декабрда Бангладеш менен кезигет. Волейбол боюнча турнир 26-декабрда жыйынтыкталат.