Эми сот процессинде жабырлануучулар, күбөлөр жана айыпталуучулар көрсөтмө бере баштайт.
Эскерте кетсек, Аскаров 2010-жылы июнь окуясына күнөөлү деп табылып жана милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан деген айып менен өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган.
Буга чейин Аскаров боюнча Жогорку Соттун өкүмү кайра карап чыгууга жөнөтүлгөн. Мындай чечим Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча комитетинин Аскаровдун ишин кайра карап чыгуу талабынан кийин кабыл алынган эле.
Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118