Жаңылыктар
“Кыргыз жараны” концепциясын ишке ашыруу
Кыргызстан жаңылыктары
“Кыргыз жараны” концепциясын ишке ашыруу

Президенттин администрациясы “Кыргыз жараны” концепциясын ишке ашыруу боюнча тиешелүү мекемелердин маалыматын угууда. Атайын байкоо жүргүзүлүп жатат. 

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, “Ыйман” фонду аталган концепциянын алкагындагы аткарылган иштери боюнча отчёт беришти. Жаштар менен биргелешип уюшулган жыйында тарбия маселесине өзгөчө көңүл буруу зарыл экени белгиленди. 

“Кыргыз жараны” концепциясы 2020-жылы кабыл алынган. Анда элдин биримдигин бекемдеп, маданий ар түрдүүлүктү сактоо, жарандык иденттүүлүктү калыптандыруу сыяктуу багыттар аныкталган.