Аксы районундагы 25 миң калкы бар Кербен шаарында реконструкция иштери жүрүүдө.
Анда калаа ичиндеги жолдорду кеңейтүү жана жол жээгиндеги саркынды суулардын суу түтүктөрүн жаңылоо каралган.
Андан сырткары жөө жүргүнчүлөр үчүн атайын тротуарлар курулууда. Буга республикалык бюджеттен 2 миллилон сомдон ашуун акча каражат каралса, жергиликтүү бюджет 1 млн 400 миң сом бөлгөн.
Реконструкция иштерин октябрь айынын аягына чейин бүткөрүү паландалууда. Эскерте кетсек Кербенге шаар макамы 11 жыл мурда берилген.
Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118