Жаңылыктар
Самат Абдрахманов Hardcore Boxing уюмунун чемпиону
Спорт
Самат Абдрахманов Hardcore Boxing уюмунун чемпиону

25-декабрда Москвада Hardcore Boxing эл аралык турнирдин алкагында кыргызстандык мушкер Самат Абдрахманов америкалык Элвин Леон Брито менен орто салмак категориясынын чемпиондук куру үчүн беттешти.

Эрөөлдүн жүрүшүндө мушкерлер жеңүүчүнү аныктай алган жок. Ал эми калыстардын бирдиктүү чечими менен жеңиш Самат тарапта болду.

Абдрахманов үстүбүздөгу жылдын июнь айында Hardcore Fighting мелдешинин алкагында Лендруша «Леко» Акопянды техникалык нокаут менен уткан. Ошол эле айда Брито BKFC 26 турниринде Луис Паломиного калыстардын чечими менен жеңилип калган.