Жаңылыктар
Садыр Жапаров КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн Санкт-Петербургга учуп кетти
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн Санкт-Петербургга учуп кетти

Президент Садыр Жапаров КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн Санкт-Петербургга учуп кетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-декабрда, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинине мүчө мамлекеттердин мамлекет башчыларынын салттуу бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына (Россия Федерациясы) жумушчу сапары менен учуп кетти.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

- Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

- Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев;

- Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гульнара-Клара Самат.