Бүгүнкү күндө өрт өчүрүүчү гидранттарды 2 ГИС тиркемесине киргизүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.
Анын айтымында, Бишкекте жалпы 2 миң 322 өрт өчүрүүчү гидрант бар, анын 197си бузук, биринчи этап менен 2 миң 125и 2 ГИС тиркемесине киргизилди. Экинчи этап менен Ош шаары, андан кийин облустар киргизилет.
Өлкө аймагында өрт өчүрүүчү гидранттан 7 миң 895 бирдик бар, анын 3 миң 607си бузук абалда, 4 миң 288и иштейт. Бузулганын оңдоп, жаңыртуу боюнча министрлик тарабынан бийлик органдарына жана таза суу ишканасына 228 кат жиберилген.
Учурда республика боюнча 108 гидрант оңдолуп калыбына келтирилип, 576сы жаңыдан орнотулууда. Шамырканов гидранттардын 2 ГИС тиркемесине киргизилиши өрттү тез жана ыкчам өчүрүүгө жардам берерин айтат.
Өрткө каршы анын эки түрү бар. Биринчиси, жер астында. Керектүү арматуралары атайын кудукка салынат, коопсуздук жана ыңгайлуулук үчүн үстү капкак менен жабылат. Экинчиси, имараттардын ичиндеги өрт крандары. Ал имараттын ичине көрүнүктүү жерге орнотулуп, өрт түтүгүнө түркүк менен туташтырылган.
Кыргызстанда кышкы климаттык шартка байланыштуу, жер астында да гидранттар орнотулган.