Жаңылыктар
Улуттук руханий баалуулуктар түрк дүйнөсүндө
Маданият
Улуттук руханий баалуулуктар түрк дүйнөсүндө


Култаева  Үмүт Баймуратовна – филология илимдеринин

доктору, адабият  таануучу, Ү.Култаеванын “Тил билги”

автордук жогорку мектебинин директору                                      

                               

2022-жылдын декабрь  айынын башында  Түркиянын  борбору Анкара шаарында  ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунда кыргыз элинин  адабият дүйнөсүнүн  залкарлары Касым  Тыныстанов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Токтоболот Абдымомуновдун  улут маданиятындагы  жана тарыхтагы ролу тууралуу   кеңири   иш-чара  болду. Сиз ошол  иш-чарага  катыштыңыз, түрк дүйнөсүнүн  чыгармачыл  адамдарынын  пикирлери кандай болду?

-Өтүп бараткан жылдын 4-8-декабрында Түркиянын борбору – Анкара шаарында түрк дүйнөсүндөгү маданий кызматташтык боюнча ТүркСОЙ эл аралык уюму уюштурган масштабдуу илимий конференция  болуп өттү. Аталган конференция кыргыз элинин белдүү руханий ишмерлери Касым Тыныстановдун 120, Түгөлбай  Сыдыкбековдун 110, Токтоболот Абдумомуновдун 100 жылдыгына арналып, алардын улуттук маданияттагы орду кеңири талдоого алынды.

Белгилей кетүүчү чоң маселе – түбү бирге түрк тилдүү элдердин руханий баарлашуусунун активдешкендиги. Бул сапар аталган үч кыргыз калемгерлеринин ишмердигине үч тараптуу: кыргызстандык окумуштуулар, түркиядагы кыргыз интелллигенциясы жана түркиялык окумуштуулар тарабынан кызыгуунун жаралышын маданият айдыңындагы жакшы саамалык эсептөөгө болот. Айталы, кыргыз интеллигенциясынын көч башында турган, чыгаан окумуштуу-тилчи, адабий калемгер Касым Тыныстановдун ырлар жыйнагын көп жылдан бери Түркияда жашап, иштеп, илим изилдеп жүргөн Сабырбек Бөрүбаев түрк тилине которгон. Ушул жыйнактын таанытымы түрк окумуштуулары тарабынан кызуу кабыл алынды.

Ал эми  Касымдын илимий жана адабий чыгармачылыгына, анын агартуу айдыңындагы ишмердүүлүгү боюнча кыргызстандык окумуштуулар менен бирге түркиялык окумуштуулар кызыктуу  баяндамаларды жасашты. Ошондон улам жалпы эле түрк тилдүү окумуштууларда К.Тыныстановдун өз мезгилинин озгун  окумуштуу болгондугун, анын чыгаан, көрөгөч,  кашкөй инсандык сапаттарын таанып-билүүгө болгон кызыгуу байкалат. Айрыкча анын чыгармачылыгынын түрк тилдүү интеллигенциянын контексинде калыптануу эволюциясы менен  бирге жеке талантына баа берүү тенденциясынан  Касым Тыныстановдуу изилдөөнүн жаңы саамалыктарын сезүүгө болот.

Ошону менен бирге “кыргыз адабиятынын тоосу” (Ч.Айтматов) эсептелген Түгөлбай Сыдыкбековду, кыргыз драматургиясын профессионалдык деңгээлге чыгарган Токтоболот Абдумомуновду түрк дүйнөсүнө   таанытуу процесси жаңы башталгандыгын, бул багытта ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун ролун, анын азыркы жетекчиси Султан Раевдин демилгелүү ишмердүүлүгүн баса белгилөөгө тийишпиз. 

Биздин окумуштуулар менен бирге кыргыз адабиятына көптөн бери кызыгып, “Манас” эпосун “мифологиялык  эпос-роман” атап, анын сюжетин кара сөз аркылуу  баяндоо менен дастанды түрк дүйнөсүнө кеңири жайылтууга салым кошкон, бул эмгеги үчүн 2009-жылы Москвада Пушкин атындагы сыйлыкка татыктуу болгон түрк жазуучу-адабиятчысы Хайреттин Ивгиндин Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармачылыгына кызыга башташы колдоого татыктуу. Ошондой эле жаш искусство жана театр таануучу аспирант, докторанттар Токтоболот Абдумомуновдун чыгармачылыгына кызыгышат. Болгондо да драматургдун жаңычылдыгын аныктоочу көркөм-эстетикалык  белгилерди терең билгилери келет. Демек, ушул конференциянын жыйынтыктарынан улам, тили, дили, тарыхы бирге түрк тилдүү элдерди мезгил бир нече кылым бири-биринен оолактатканына карабай, кыргыз элинин “түбү бирге кошулат, учу бирге жазылат” деген нускалуу макалына ылайык, канатташ элдердин маданий баарлашуусунун жаңы доору башталгандыгын руханий канааттануу менен баса белгилөөгө негиз бар. Ушунун өзү адамзат коомунда баалуулуктар канчалык өзгөрбөсүн,  нравалык адеп-ахлактын түбөлүктүү маселелери менен алектенген жазуучулардын чыгармалары, алардын идеялары көөнөрбөй тургандыгына кепил болот. Натыйжада, ырас алар түбөлүктүү маселелерди көркөм аңдоого алган соң, өздөрүнүн тарыхтагы орду да түбөлүктүү деген корутунду пикирге келүүгө болот.

- Кыргыз  адабиятында   тарыхый  роман жанрынын  жаралуу доорун, андагы көтөрүлгөн  маселелер  тууралуу терең  изилдеп келатасыз. “Улуттук адабиятка келсек,  биз өз  тарыхыбызды  көркөм аңдоодо  канатташ   элдерден бир топ артта калдык” деген   пикириңиз бар. Жакында Түгөлбай Сыдыкбеков тууралуу  илимий   изилдөөлөрүңүз  түрк тилине  которулуп, түрк дүйнөсүнүн окурмандары  чыдамсыздык менен  күтүү   учурунда деген маалыматыбыз бар.    Түгөлбай  Сыдыкбеков  тууралуу кандай кызыктуу далилдерди  айтып бересиз?

-Туура, биз улуттук тарыхты изилдөөдө канатташ элдерден артта калганыбызды дайыма айтып келем. Анткени, коомчулук жакшы билет, көзгө басар тарыхый романдарыбыз “Сынган кылыч”, “Көчмөндөр кагылышы”, “Хан Ормон”, “Курманжан датка” (С.Жусуев), “Боромбай” (Э.Турсунов) ж.б. чагылдырган доор ХIX кылымдын айланасы. Ал эми кыргыздын тарыхы ХIX кылым менен чектелбейт эмеспи. Балким, бул советтик идеологиянын таасири болушу мүмкүн. Канткенде да кыргыздын даңазалуу доору – Улуу кыргыз кагандыгы алигиче көркөм  аңдоого алына элек. Бул тарыхый жанрдагы чоң боштук.  Ушул көз караштан алып караганда, көөнө тарыхты адабиятта биринчи чагылдырган жазуучу –  Түгөлбай Сыдыкбеков. Жазуучунун «Көк  асаба» романы кыргыз элинин этнос катары калыптануу тарыхында өзгөчө орунду ээлеген – енисей доорунун – VI-VIII кылымдардагы коомдук социалдык абалын көркөм иликтөөгө алган улуттук адабияттагы алгачкы  чыгарма. 1989-жылы — эгемендик жакындап келаткан учурда 35 миң нуска менен жарык көргөн «Көк асаба»    ошол мезгилдин бестселлер китеби болууга арзыганы да мезгилдин өктөм мыйзамы дегенге болот. Анткени, эл дал ушундай чыгармага муктаж эле. Бирок жазуучунун  дал ушул чыгармасы ушул саясий куугунтукка кабылып, 18 жыл чыгарма  цензуранын “абагында” кармалганы жазуучуну чарчаткан, ал эле эмес, паркинсон оорусуна кабылганынын кесепетинен романдын экинчи бөлүмү жазылбай калган. Ошого карабастан романдагы жазуучу кийинки муунга калтырган руханий мурасы биздин адабият таанууда али толук изилдөөгө алына элек. Албетте, Түгөлбай Сыдыкбековду изилдеген окумуштуулар бар, бир караганда изилдөөлөр жетиштүүдөй сезилет. Ошентсе да даркан жазуучунун даанышман ойлорун дагы терең изилдөө зарыл.

Доор алмашып, адамзаттагы баалуулуктар өзгөрүүдө, дегеле  адабияттагы алардын орду  кандай сакталат  деген ойдосуз?

-Биз жазуучуну түрк дүйнөсүнө кеңири таанытуу максатында ТҮРКСОЙ тарабынан түрк тилинде басмадан чыгуучу “Улутман жазуучудан улуу сөз” аталышта чакан китеп даярдап, анда төмөнкү маселелерди кароолго алдык:

1.Жазуучулардын ичинен Түгөлбай Сыдыкбеков “ата” наамын алды. Бул наам “Түгөлбай ата” коомунун негизделиши менен гана чектелбейт. Анын «ата» наамына ээ болуу феномени шарттаган факторлор кайсы? – деген суроого жооп издеп, анын жообун аныктаганга аракет жасалды.

2.Жазуучуга “улутчул” деген жарлык тагылып, коммунисттик партиянын, тоталитордук режимдин куугунтугуна кабылгандыгы белгилүү болгон соң, биз жазуучу “улутчул” беле же “улутман” беле? – деген суроо коюп, алардын илимий адабияттардагы аныктамалары аркылуу даркан жазуучунун УЛУТМАН экендигин илимий жактан негиздөөгө аракет жасадык.

3.Түгөлбай Сыдыкбеков бүт өмүрүн элибиздин байыркы тарыхын, “Манас” эпосун изилдөөгө арнап, улуттук тил, каада-салттын руханий кубатын урпактарга жеткирүү үчүн талыкпай күрөшкөндүктөн, анын артында калтырган руханий мурастарынын бири “Улуу сөздүн” табиятын иликтөө максатын койдук. Жазуучунун пикиринде, биздин ата-бабаларыбыз бийик Сепил, кооз Сарай, сырдуу Пирамида, керемент монументтерди калтырган жок. Бирок  андан кымбат, андан баалуу мурас калтырган. Ал – Улуу сөз! «Эң  кооз, эң укмуш жана маанилуу асыл мурасты бабаларыбыз укум-тукумга белек этти!  Ал сууга жуулбас, отко күйбөс, алааматтарда кыйрабас Улуу сөз Сепилдери! (астын сызган –  K.Y.).  Биз аны канчалык баалап, терең иликтеп туюнган сайын, ал бизге өзүнүн  туңгуюктагы укмуш сырларын ача берер эң асыл мурасыбыз. Жалпы элдик чоң  маданияттын төрүнө энчилеш!» 

Изилдөө процессинде Түгөлбай Сыдыкбеков калтырган 12 сөздүн түрү (үч сөз, ак сөз, ала сөз, ыйык сөз, жаман сөз, арам сөз ж.б.) талдоого алынат. Ошондуктан китептин аты “Улутман жазуучудан улуу сөз” аталат.

-Сиздин  кызыктуу  баяныңыз аркылуу  адабият күйөрмандары  кылым залкарлары  тууралуу баалуу  маалыматтарды алышты деген ойдомун.Сизге  терең  ыраазычылык!  

Маектешкен  КР  маданиятына эмгек  сиңирген  ишмер

Гүлмира Кулумбаева