Жаңылыктар
Ун 15 пайызга, нан 20 пайызга чейин кымбатташы мүмкүн
Кыргызстан жаңылыктары
Ун 15 пайызга, нан 20 пайызга чейин кымбатташы мүмкүн

Келерки жылы ун 15 пайызга, нан 20 пайызга чейин кымбатташы мүмкүн. Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү мындай жагдайды 31-декабрда ун жана данды ташып келүүгө жана кайра иштетүүгө берилген жеңилдиктердин мөөнөтү аяктап, кошумча нарк салыгы кайра кире тургандыгы менен түшүндүрүп жатышат. Ошол эле учурда Айыл чарба министрлиги бул маселени жөнгө салуу максатында тиешелүү иштерди алып барууда. Ал эми кампаларда ундун кору жетиштүү экенин Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы билдирди.