Жаңылыктар
Баткен облусунун тургундары үчүн жеңилдетилген насыянын көлөмү көбөйдү
Аймак
Баткен облусунун тургундары үчүн жеңилдетилген насыянын көлөмү көбөйдү

Министрлер кабинети Баткен облусуна жеңилдетилген насыялар боюнча субсидиялардын көлөмүн 66 млн сомго чейин көбөйттү.

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиргендей, ишкердик субъекттерине жана жеке жактарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында министрлер кабинетинин буйругу менен “Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо” долбоору бекитилди. Анын алкагында жеткиликтүү жеңилдетилген кредиттик каражаттар каралган. Долбоордун башталышы – 2022-жылдын майы, ишке ашыруу мөөнөтү – 60 ай, наркы – 470 млн сом. 

Министрлер кабинети чарба жүргүзүүчү субъекттердин пайыздарды төлөө боюнча каржылык манжаларын, коммерциялык банктардын чыгашаларын каражаттардын эсебинен субсидиялайт. Буйрукка ылайык, "РСК Банк", "Айыл Банк" жана "Керемет Банктарынын" пайыздык чендерин субсидиялоого 2022-жылга республикалык бюджеттен 50 млн сом бөлүү каралган. 

Министрлер кабинетинин үстүбүздөгү жылдын 9-декабрындагы буйругу менен субсидиялардын көлөмү 66 млн сомго чейин көбөйтүлдү. Долбоор биринчи 3 жылда нөл пайыздык чее менен, кийинки 2 жылда - жылдык 3% менен каражаттарды бөлүүнү карайт.