Жаңылыктар
Кыргыз - тажик Чек ара кызматтарынын башчылары жолукту
Чек ара
Кыргыз - тажик Чек ара кызматтарынын башчылары жолукту

Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматтарынын башчылары жолугушту. 

26-декабрда Лейлек районунун Борбордук айылында Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин жетекчилиги менен күч структураларынын жетекчилери, Баткен жана Лейлек райондорунун акимдери, Согди облусунун жетекчиси Раджаббой Ахмадзода жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен район акимдеринин катышуусунда эки тараптуу жолугушуу өттү. 

Жолугушууга ошондой эле УКМКнын Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев жана Тажикстандын Чек ара кызматынын жетекчиси Раджабали Рахмонали да катышты. 

Эки тараптуу жолугушууда чек арага жакын жерлерде мыйзамсыз инженердик иштерди жүргүзбөө, эки тараптын күч структураларынын биргеликте иш алып баруусу, чек ара аймактарында тынчтыкты сактоо боюнча маселелер каралды.