Волейбол боюнча Кыргызстан U-23 эркектер курамасы зоналык Азия чемпионатында 2-орунду ээледи. Бул тууралуу kyrgyz_volleyball баракчасы жазып чыкты.
Мелдеш 19-28-декабрь аралыгында Бангладештин Дакка шаарында өтүп, Непал, Бангладеш, Шри-Ланка жана Кыргызстандын курамалары байгелүү орундар күч сынашты.
Финалда кыргызстандык волейболчулар үй ээлери болгон Бангладеш курама командасына 3-2 эсебинде утулуп калды.
Тайпалык баскычта Шри-Ланка, Бангладеш, Непал командалары менен беттеш өткөрүштү.
Кыргызстан — Шри-Ланка 3-1;
Кыргызстан — Бангладеш 2-3;
Кыргызстан — Непал 3-0.
Жарым финалда Шри-Ланкага каршы оюнда 3-0 эсеби менен жеңишке жетишти.