Жарандардын кылмыш тууралуу билдирүүлөрүнө кайдыгер караган кызмат адамдары кылмышкерлерди калкалады деп эсептелет. Бул тууралуу УКМКнын күч түзүмдөрүнө кайрылуусунда айтылды. Атайын кызмат Кочкор жана Сузак райондорундагы окуя коомчулуктун бийликке болгон ишенимин жоготуп, мыйзамдуулукту орнотууга жасалган аракеттерди жокко чыгарган көрүнүш экенин эскертти. Эске салсак буга чейин Кочкордо ишкерден акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен бирге аларды калкалады деп шектелген райондук милициянын жетекчилери камакка алынган. Ушундай эле көрүнүш Сузакта да кайталанып отурат.