Жаңылыктар
Милиция күчөтүлгөн тартипке өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Милиция күчөтүлгөн тартипке өттү

Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта, милиция кызматкерлеринин гарнизондук саптык кароосу болду. Анда ИИМ борбордук аппаратынын, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыктарынын өздүк курамы, патрулдук милициянын кызматкерлери тизилишкен. Иш-чара жаңы жылдык майрамдарга карата уюштурулууда. Милиция бөлүмдөрүнүн саптык кароосу кызматкерлердин жер-жерлерде кызмат өтөөлөрү менен коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча өз милдеттерин аткарууларын, андан сырткары сырткы көрүнүшүн, тыкандуулугун текшерүү үчүн жыл сайын өткөрүлөт.

Жаңы жылдык иш-чараларга байланыштуу коомдук коопсуздукту камсыз кылууга 12 миңден ашуун милиция кызматкери тартылды. Бишкек гарнизондук саптык кароо учурунда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров ички иштер органдарынын кызматкерлерине жол кырсыктарынын алдын алуу, кылмыштуулукту азайтуу сыяктуу бир катар тапшырмаларды койду.