Жаңылыктар
"Кара тизме": мигранттарга талаптар жеңилдейт
Кыргызстан жаңылыктары
"Кара тизме": мигранттарга талаптар жеңилдейт

Мигранттар көп учурда миграциялык картаны туура толтуруу, мөөнөтүн узартуу сыяктуу талаптардан жаңылышат. Бул алардын “кара тизмеге” кирип калуусуна негиз болот. Дагы бир кеңири жайылган административдик бузуу жол эрежесинин сакталбашы.

Россиянын тиешелүү мыйзамдарына "кара тизмеге" кирип калуу негиздерин азайта тургандай өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Муну менен мигранттардын абалы жеңилдейт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Ички иштер министрлигинин өкүлү Дмитрий Демиденко билдирди. Учурда эки же андан көп административдик бузууларга барган мекендештердин Россияга кирүүсүнө тыюу салынат.