Жаңылыктар
Президенттин катышуусунда жыйын өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Президенттин катышуусунда жыйын өтөт

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Министрлер Кабинетинин жыл жыйынтыктоочу жыйыны болот. 

Министрлер Кабинетинин 2022-жылы аткарылган иштери боюнча отчету угулуп, келерки жылга иш планы каралат. 

Иш-чарага борбордук мамлекеттик органдардын жетекчилери, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышат. 

Министрлер Кабинетинин жыйыны УТРКда, республикалык жана облустук телеканалдарда жана социалдык тармактардагы баракчаларда түз алып көрсөтүлөт, саат 14:00дө башталат.