Жаңылыктар
TI: Кыргызстан паракорлуктан арыла элек
Кылмыш
TI: Кыргызстан паракорлуктан арыла элек

Кыргызстан дале паракорлуктан арыла элек. “Transparency International” уюму коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча 2015-жылдын жыйынтыгын жарыялаган рейтингде 168 өлкөнүн ичинен 123-орунда турат. Бул мурдагыдан 13 баскычка жакшыруу дегенди билдирет. 

Transparency International уюму 2014-жылдын жыйынтыгына ылайык Кыргызстан коррупцияны кабыл алууда 175 өлкөнүн ичинен 136-орунду ээлегенин жарыялаган. Ал эми бул ирет 28 балл менен 13 баскычка көтөрүлүп, 168 мамлекеттин арасында 123-сапка жазылды. Бийлик бул атайын жасалган бир катар аракеттердин үзүрү экенин белгилейт. Бирок, чечүүнү талап кылган маселелер да аз эмес. 

Коррупцияга каршы аракеттенген ар бир мекеме пара менен кармалгандардын саны соңку жылдары арбып жатканын көрсөткүч катары белгилейт. Өлкөнүн өнүгүшүнө кедергисин тийгизген мындай коомдук көйгөйдү жоюга карата ураандар жаңырууда. Transparency International уюму жарыялаган рейтингдеги 13 баскычка жакшырууну кандай жагдайлар шарттап жатат? Өкмөт аппаратынын коррупцияга каршы саясат бөлүмүнүн башчысы Тилек Саякбаев муну бийликтин ишмердүүлүгү менен байланыштырат. Ошондой эле паракорлук менен күрөшүүгө жарандык коом, бизнес чөйрөсү да активдүү аралаша баштады.

-Коррупциялык тобокелдиктерди аныктап, аларды  жоюу, мамлекеттик-муниципалдык кызматкерлерге коррупцияга каршы билим берүү  орун алууда. Ошол иштерге жарандык коом гана эмес, бизнес чөйрөсү да аралашып  жатат. Алар өздөрүнүн таламдарын талашып, паракорлукка каршы кеңешмелерге  катышууда. Мамлекеттик мекемелер менен иш алып барышат. Экономика  министрлигинде атайын форум бар. Анда да маселе талданат. Коргоо кеңеши 18  мамлекеттик орган менен коррупциялык тобокелдиктерди, шарттарды демонтаж кылып,  аларды жоюп жатышат. Булар өз натыйжасын берип жатат. Биз 2012-жылы 164-орунда  болчубуз. Акыркы 4 жылда 41пунктка жакшырттык.

Рейтингдеги өзгөрүүгө өлкөдөгү саясий кадамдардын таасири тийгенин Transparency International уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Адылбек Шаршенбаев да белгилейт. Бирок, паракорлукту жеңүүдө коомчулуктун колдоосу жетишсиз болуп жатат.

-Бул маселелерди чечүүдө жалгыз  өкмөттүн, мамлекеттин алы жетпейт. Ага сөзсүз түрдө коомчулук биргелешип биздин  мамлекетке жардам берсе, массалык маалымат каражаттары тарабынан маселеге көңүл  бурулса, ошондо жылыштарды сезе баштайбыз. Ал эми азыркы кичине жылыштар саясий  жактан болуп жаткан нерселерге байланыштуу.

Кызмат адамдарынын пара менен кармалышы коррупцияга каршы күрөштүн белгилүү бир деңгээлдеги жетишкендиги деп саналганы менен, аны шарттаган жагдайлардын алдын алуу зарылчыгы байма-бай кайталанып келатат. Тендерлердин адилетсиз өтүп, татыксыз тараптардын утушка ээ болушу, кадр маселесиндеги жең ичинен дайындоолор, кызмат көрсөтүүдөгү паракорлуктан улам пайда болгон алешемдиктер, айтор системалык түрдө калыпка түшкөн  коррупция изилденип, мекеме башчыларына ага каршы күрөшүүнүн жолдору сунушталган. Талапты аткарбаган жетекчилерге байланыштуу атайын сунуштар болоорун айтат Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров.

-Буга чейин биз мамлекеттик органдардын  башчыларына убакыт бердик. Кандай кылып коррупцияны кыскартыш керек деп ал  маселелерди да чечип бердик. Эми толук кандуу мониторинг жүргүзүп, ким тийиштүү  иш-чараларды алып бара албаса биз сунуштарды киргизгенге даярбыз. Кээ бир  мамлекеттик органдардын башчыларын кызматтан кетиргенге да сунуштар болот.

Коргоо кеңешинин катчысы Саламаттык сактоо министрлигинде паракорлукка каршы айтылган сунуштар эске алынбаганын белгилейт. Энергетика тармагы менен Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде да көйгөйлөр бар. Ал эми Экологиялык техникалык инспекциясында бул жааттагы чабал иштер мекеме кийинчерээк түзүлгөндүктөн, обьективдүү себептер менен байланыштырылды. Бирок, кандай обьективдүү себептер бар экени ачыкталган жок.

Коррупциядан бизнес  чөйрөсү да олуттуу жапа чегээри айтылып келет. Ишкерлердин арасындагы сурамжылоолор паракорлук көйгөйү ишке тоскоол болгон эң биринчи маселе экенин аныктаган эле. Бизнес ассоциацияларынын улуттук альянсынын төрагасы Улук Кыдырбаев мыйзамдардагы алешемдиктерге өзгөчө көңүл бөлөт.

-Системалык коррупция менен күрөшөбүз десек,  анда сөзсүз мыйзамдарды инвентаризация кылып, ар бир мыйзамды антикоррупциялык  экспертизадан өткөрүш керек. Себеби, бизде 25 жылдан бери мындай экспертиза  жүргүзүлгөн эмес. Ошондуктан мыйзамдардын өзү коррупцияга жол ачып жатат.  Былтыртан баштап жаңы методология, документ даярдалып жатат. Буюрса, ал юстиция  министрлигине берилет.

Бир эле мыйзам ишкерлер үчүн кайсы бир багыттагы ишмердүүлүгүнө уруксаат берсе, экинчиси ага карама-каршы келет. Мындай учурда маселени жең ичинен чечүү орун алат. Ошондой эле бизнеске тоскоолдук жараткан дагы бир көйгөй бири-бирин кайталаган органдардын текшерүүлөрү. Демек, укук коргоо мекемелеринин коррупцияга каршы аракеттери айрым учурларда жемишин берип жатса, ишкер чөйрөгө зыян алып келген учурлар да бар. Коргоо Кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров 2015-жылы бул маселеге олуттуу көңүл бурулганын айтат.

-Албетте, биз ишти баштаганда  ишкерлердин бирден-бир көйгөйү ушул каалаган эле укук коргоо органдарынын  текшерип жатышына көңүл бурганбыз. Биз муну чектегенге аракет кылдык. Бүгүнкү  күнү УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жана ИИМдин  тийиштүү структураларынын ишкерлерди текшерүүлөрүнө тыюу салганбыз. Мындай ишти  Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы гана жүргүзөт. Бул анын  түздөн-түз функциясы. Аны менен бирге Салык кызматы гана текшерет деп биз  чектөө койгонбуз. Башка укук коргоо органдарынын текшерүүлөрдү жүргүзүшүн  чектегенге аракет кылдык.

Кандай гана чуулгандуу иштердин бети ачылбасын, алар шарттаган жоготуулардын орду толтурулушу маанилүү экенин белгилейт Коррупцияга каршы ишкер кеңештин төрайымы Нурипа Муканова. Ал ошондой эле элдин ишеними көйгөйдү жеңүүгө мүмкүнчүлүк түзөт деген пикирде.

-Эң биринчи бюджетибизге коррупциядан  келтирилген жоготууларды кайра кайтарышыбыз керек. Экинчиден элдердин ишенимин  көтөрүү зарыл. Жарандардын колдоосусуз коррупцияны эч качан жогото албайбыз.  Элдин аң сезимин көтөрүү керек.

Паракорлукка каршы күрөштүн алкагында бир катар маанилүү кызматты ээлегендер кармалып, бирок сотто акталып жаткан көрүнүштөр да жок эмес. Коомчулук учурда дал ушул жагдайларга өзгөчө көңүл бурууда. Бул сот тармагындагы коррупцияга байланыштуу экени айтылса, фемида өкүлдөрү тергөөнүн сапатын жүйөө келтирип, ийин куушурат. Жемкорлукка байланыштуу жогоруда бир катар пикирлерди уктук. Ар бири ар башкача сунуш,  ойлорду айтканы менен, биз сөз кылып жаткан көйгөйгө жалпы коомчулук каршы турушу керек деген орток көз караш бар. Анткени коомдук турмуштун бардык чөйрөсүндө маселени акча менен көмүскөдө чечүү көрүнүшү терең тамыр жайган.

 Калыгул Асамбаев "Биринчи радио"