Жаңылыктар
Садыр Жапаров: Биз силерден мыкты жетишкендиктерди жана кыргыз элине тартуулаган жеңиштерди күтөбүз!
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров: Биз силерден мыкты жетишкендиктерди жана кыргыз элине тартуулаган жеңиштерди күтөбүз!

Келе жаткан Жаңы жылда биз силерден мыкты жетишкендиктерди, кызыктуу идеялар менен жаңы ачылыштарды жана жеңиштерди күтөбүз. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров балдар үчүн жыл сайын өтүүчү салтка айланган жаңы жылдык балатыда белгиледи. 

Мамлекет башчысы, балдар күткөн эң ажайып майрам - жаңы 2023-жыл менен куттуктап, ушул саналуу күндөрдө биз - баарыбыз, силер дагы өтүп бараткан жылда болгон бардык жакшы иштерди эстеп, жетишкен ийгиликтерди көз алдыбыздан өткөрөбүз - деди.

"Силердин мектеп турмушуңардагы маанилүү окуя - эл аралык олимпиадалардан жеңип келгениңер агай-эжейлерди, ата-энелерди жана жалпы эле өлкөбүздү айтып бүткүс керемет кубанычка бөлөдү, көңүлүбүздү көкөлөттү" - деген президент узап бара жаткан жылда республиканын мектеп окуучуларынын химия, математика, физика боюнча түрдүү эл аралык олимпиадалардагы жеңиштери баарыбызды кубандырганын айтты. 

Садыр Жапаров белгилегендей, дүйнө жүзү боюнча 700дөн ашык мектептен 10 миң окуучу катышкан Улуу Британиядагы биологиядан олимпиадада биздин окуучулар 4 алтын, 5 күмүш жана 5 коло медалга, жалпы 14 медалга ээ болушту. Алар сүйүктүү Кыргызстаныбыздын атын дүйнөгө даңазалашты. Биз дагы түндүгүнөн күн нуру жаркыраган кызыл желегибизди бийик желбиреткен силердин классташтарыңар, курбу-курдаштарыңар менен абдан сыймыктанабыз!