Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда, Бишкек шаарында бир катар объектилерди ачат.
Мамлекет башчысы «Келечек» балдар реабилитациялык борборунун ачылыш аземине катышат. Борбор ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоого арналган. Ошондой эле, Президент – Куралдуу күчтөрдүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаров ИИМдин Ички аскерлеринин жаңы заманбап казармасын ачат.
Иш-чаралар УТРК, республикалык, облустук телеканалдарда жана социалдык тармактардагы баракчаларда түз эфирде көрсөтүлөт.
“Келечек” балдар реабилитациялык борборунун ачылышын түз чагылдыруу 14:00дө башталат. ИИМдин Ички аскерлеринин жаңы казармасынын ачылышы болжол менен 15.00дө.