Жаңылыктар
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-декабрда өтөт
Саясат
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-декабрда өтөт

 Президент кечээ кол койгон жарлыка ылайык, Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-декабрда өтмөй болду. Ушул тапта бул өнөктүкө карата, шайлоочулардын тизмесин тактоо, уюштуруу жана техникалык маселелерди чечүү тууралуу даярдыктар башталды. 

 Негизинен мамлекеттик каттоо кызматы шайлоо өткөрүүгө даяр. Ушул тапта бюллетень салынчу кутулар менен автоматтык саноо жабдууларын модернизациялоо чаралары көрүлүп жатат. Ошондо баардыгы болуп 2400 шайлоо участкасы түзүлөт. Аларда иш алып баруу үчүн 9 миңге жакын атайын операторлор даярдалып жатат.
Айта кетсек, бул ирээт 405 кеңешке депутаттар шайланат. Ал эми 6 кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлүшү мүмкүн. Бирок бул боюнча маселе азырынча чечиле элек.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118