Кум үстүндөгү волейбол боюнча Кыргызстан курама командасы Азия чемпионатынын Борбордук аймагынын командалары арасында жарым финалга чыкты.
Турнир Бангладеште өтүүдө.
Кыргызстан улуттук курамасында Жантемир Жээнбек уулу жана Нурислам Медетбек уулу ойноп жатат. 28-декабрда кыргызстандыктар Бангладеш курамасын 2:1 эсебинде жеңип, ал эми 29-декабрда Бутанды тизе бүктүрүп, жарым финалга жолдомо алды.
Жарым финалдык баскычта Кыргызстан Непал менен беттешет.