Жаңылыктар
С.Жээнбеков иш сапары менен Жалал-Абад облусунда болду
Аймак
С.Жээнбеков иш сапары менен Жалал-Абад облусунда болду

 Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков бир күндүк иш сапары менен Жалал-Абад облусунда болду. Иш сапардын алкагында, премьер-министр облустун айыл чарба тармагындагы ишмердүүлүгү жана социалдык обьектилердин курулушу менен таанышты. 

 Сооронбай Жээнбеков ишкерлер менен жолугуп жатып, эл аралык стандартта лабораториялар өлкө боюнча ар бир облуста курулуп жаткандыгын белигилеп өттү. Бир жыл аралыгында бул маселе толугу менен чечилсе, талапка жооп берген сертификаттар берилип, ишкерлерге кыйла жеңилдик жаралаарын, жакынкы жана алыскы мамлекеттер менен алака жакшыраарын билдирди. Учурда бул багытта "Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду аркылуу иштер жүрүп жатат.
 Премьер-министр ошондой эле Багыш айылындагы 275 орундуу мектептин курулушу менен таанышты. 2017-жылга бүткөрүлө турган бул обьект авариялык абалдагы эки мектептин ордуна салынып жатат. Жээнбеков өз сөзүндө быйылкы жылга курулушу пландалган бардык билим уялары ишке берилип, эмдиги жылы курулушу токтоп калган мектептер бүткөрүлөөрүн билдирди. Учурда Жалал-Абад облусунда жалпысынан 18 мектептин курулушу жүрүп жатат. Иш сапар соңунда премьер-министр Жалал-Абад шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу багытында аткарылып жаткан иштер менен таанышып, бюджеттик каражатты туура пайдаланып жатканы үчүн калаа жетекчилигин үлгү катары айтты. Ушул тапта Жалал-Абадда шаардыктарды таза суу менен камсыздоодо көйгөй жок. Борбордук көчөлөрдү оңдоп, жарыктандыруу аракеттери колго алынган.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118