Жаңылыктар
Ош: пайда келтирген жаңгак көмүр
Аймак
Ош: пайда келтирген жаңгак көмүр

Соңку кездерде сырттан келүүчү инвесторлордун жардамы менен өз алдынча чакан өндүрүштүк ишканаларды ачуу өнүгүп келе жатат. Быйылкы жылда бир эле Өзгөн районунда кайра иштетүүчү 3 ишкана ишке берилди.  Бири кыш чыгарса, экинчиси минаралдык суу, үчүнчүсү көмүрдүн колдонууга мүмкүн болбогон майдасын кайра иштетүүдө. 

Айылдыктардын түйшүгүн жеңилдетүү максатында корей инвесторлору жергиликтүү ишкер менен бирге көмүрдүн майдасын кайра иштетүүчү жабдык ойлоп тапкан.
Көмүр жаңгагы аталышындагы бул брикет, айтып тургандай, жаңгактай өлчөмдө чыгарылат. Жылуулук кубатуулугу кадимки көмүрлөрдөн кем калышпаган брикет кореялык технологдордун көзөмөлүндө жасалат. 
 Өзгөн районунда азыркы тапта 20дан ашуун көмүр кени аныкталган же, аймакта бир жылда 200 миң тоннадан кем эмес көмүр казылат. 


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118