Жаңылыктар
Волейбол боюнча Кыргызстан курамасы коло медаль үчүн күрөшөт
Спорт
Волейбол боюнча Кыргызстан курамасы коло медаль үчүн күрөшөт

Кум үстүндөгү волейбол боюнча Кыргызстан курама командасы  Азия чемпионатынын Борбордук аймагынын командалары арасында финалга чыга албай калды.

Турнир Бангладеште өтүп жатат.

Кыргызстан улуттук курамасында Жантемир Жээнбек уулу жана Нурислам Медетбек уулу ойноп жатат. 28-декабрда кыргызстандыктар Бангладеш курамасын 2:1 эсебинде жеңип, ал эми 29-декабрда Бутанды тизе бүктүрүп, жарым финалга жолдомо алган.

Ал эми финал үчүн болгон таймашта Непал курамасына 0:2 эсебинде жеңилип калды (24:26, 14:21).

Эми «ак шумкарлар» коло байге үчүн Бангладеш менен беттешет. Буга чейин тараптар турнирдин алкагында жолуккан. Анда кыргызстандык спотчулар 2:1 эсебинде жеңип алган.