Жаңылыктар
Дүйнөнүн 3 жолку чемпиону Пеле 82 жашында кайтыш болду
Спорт
Дүйнөнүн 3 жолку чемпиону Пеле 82 жашында кайтыш болду

29-ноябрда Бразилия курама командасынын мурдагы оюнчусу Пеленин ден-соолугу начарлап ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер бөйрөк жана жүрөк жакшы иштебей жатканын айтышкан.

Буга чейин ал жоон ичеги рагын дарылоонун алкагында жасалган химиотерапия оң таасир бербей жатканы белгилүү болгон.

Пеле футболчу катары Дүйнө чемпионатын 3 ирет уткан жалгыз футболчу (1958, 1962 жана 1970жылы). Дүйнө чемпионатында ал жалпы 14 беттешке катышып, 12 голдун автору болгон. Анын ичинен үчөөсүн финалда киргизген.

Бразилия улуттук курама командасы үчүн 1957-1971-жылдар аралыгында 92 оюн өткөрүп, 77 голдун ээси аталган. Анын рекорду 50 жылдай кармалып турду. Кечээ жакында гана Неймар легенданын ийгилигин кайталады.

Клубдук деңгээлде Пеле Бразилиянын «Сантос» клубу үчүн ойногон. Анын курамында эки жолудан Либертадорес кубогу менен Континент аралык титулду жеңген. Карьерасынын акыркы жылдарында МЛСтин «Нью-Йорк Космос» командасында да ойноп кеткен.

Ал ФИФА, France Football жана World Soccer футболдук комиссиянын версиясы боюнча XX-кылымдын мыкты футболчусу деп табылган. Ошону менен бирге Эл аралык комитеттин версиясы боюнча дагы XX-кылымдын мыкты спортчусу наамына татыган.