Жаңылыктар
Миграциялык мыйзамды бузгандар 41 млн сом айып төлөдү
Мекендештер
Миграциялык мыйзамды бузгандар 41 млн сом айып төлөдү

Миграциялык мыйзамды бузган чет элдик жарандар баш-аягы 41 миллион сомдон ашык айып төлөдү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы иш алып барган кызмат ушул жылдын 11 айында миграция чөйрөсүндө 7 962 укук бузууларды, анын ичинен чет элдик жарандардын 7 171 укук бузганын аныктаган. 

Натыйжада айып салынып, мамлекеттик бюджетке 41 миллион 162 миң сом төгүлгөн. Өлкө аймагынан 17 чет өлкөлүк жаран чыгарылган.