Жаңылыктар
Мамлекеттик сыйлыкка татыгандар сыйланды
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик сыйлыкка татыгандар сыйланды

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн бир катар коомдук ишмерлерге, ар кыл тармакта албан ийгилик жараткан 250дөн ашуун инсанга мамлекеттик наамдарды, ардак грамоталарды жана сыйлыктарды тапшырды. Коомдук ишмерлерди сыйлоо эгемендиктин 25 жылдыгына арналды. Өлкө башчынын жарлыгына ылайык, бир катар инсандар экинчи жана үчүнчү даражадагы «Манас» орденин, Эрдик медалын, дагы бир катар коомдук ишмерлер өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкону үчүн ардак грамоталарды алышты.

Өлкө башчы маркум милиция кызматкерлеринин сыйлыктарын алардын жубайларына тапшырды. Алмазбек Сулаймановдун жубайы Алтынгул Абасканова жолдошу каза болгондон кийин да алардын эмгеги бааланып жатканына ыраазычылыгын билдирди.
Мамлекеттик сыйлыктын ар бир ээси эмгектери туура бааланып, мындай жөрөлгө мындан аркы ишке дем-күч, ар кандай жаңылануулардын пайда болушуна өбөлгө түзөт дешет.
Сыйлык тапшыруу аземи мурдагыдай жыйындар залында эмес, жаңы курулган Эне-Сай конок үйүндө өттү. Бул мындагы экинчи чоң иш-чара. Буга чейин конок үйү КМШ мамлекеттеринин саммитинде, ага мүчө өлкөлөрдүн башчыларын кабыл алган.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118