Бүгүн 12-октябрда Президент Алмазбек Атамбаев расмий сапар менен Грузияга барат. Сапардын алкагында Алмазбек Атамбаев Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвили менен жолугат.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүп, соода-экономикалык, инвестициялык жана гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланат. Жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлат. Андан ары 13-14-октябрда Президент Алмазбек Атамбаев жумушчу сапар менен Арменияга барып, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) кезектеги отурумуна катышат.
ЖККУга мүчө мамлекеттердин, Армениянын, Беларустун, Россиянын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Тажикстандын башчылары олуттуу эл аралык жана аймактык проблемаларды, учурдун чакырыктары менен коркунучтарына каршы жамаатташып аракеттенүү чараларын талкуулашат.