Жаңылыктар
2023 - жыл - "Кара суу коён" жылы
Кыргызстан жаңылыктары
2023 - жыл - "Кара суу коён" жылы

Коён табиятында жумшак, боорукер жана назик жаныбар. Чыгыш жыл санагы боюнча 2023-жыл “Кара суу коён” жылы деп аталат. Бул жылдын өзгөчөлүгү жана астрологдор алдыда кандай өзгөрүүлөрдү болжошууда?

Ильзат Салахидинов 3 жылдан ашуун убакыттан бери жаныбарлар менен иштейт. Баарынан дагы коён бакканды өзгөчө жактырат. Бул жаныбардын башкалардан айырмачылыгы жаңы чөйрөгө тез үйүр алат. Үйдө коён багуу үчун көп деле түйшүк керек эмес. Зоопаракта коёндорду кооз жаныбар катары кармашат.

Зоопаркта адатта коён кооздук үчүн багылат. Коёндор бир нече түргө бөлүнөт. Булардын кулагы кыска жана кичинекей. Салмагы болгону 3 килограммга жетет. Адамдар сыяктуу эле ар бир коендун өзүнүн мүнөзү, өзгөчөлүгү бар.
Астрологдордун айтымында, быйылкы жыл тынч жана гармониялуу болот. Анткени, коёндун өзү боорукер жана назик жаныбар. Ошондой эле, күн тутулуулар болоорун болжошууда. Бул апрель айынын аягы – майдын башы, октябрдын ортосу жана аягы дешет адистер.
Чыгыш жыл санагы боюнча коён жылы 21-22-январда башталат.