Жаңылыктар
Тез жардамга унаа жетишпейт
Кыргызстан жаңылыктары
Тез жардамга унаа жетишпейт

Тез жардам кызматынын бейтаптарга кечигип баруусунун себебин унаа жетишсиздиги менен түшүндүрүүдө. Учурда аталган кызматта болгону 30 бригада иштеп жатат. Унаалардын көпчүлүгү бузулган же жол кырсыгына кабылган.

Кыштын түшүшү менен курч респиратордук вирустук оорулар күч алып, тез жардам кызматына чалуулардын саны эселеп өскөн. Тез жардамдын айдоочуларынын айтымында 10 сааттап күткөн бейтаптар болгон.

Бейтаптар дене табы көтөрүлсө, эсин жоготуп же кан басымы жогорулаган учурда кайрылышат. Албетте мындай учурда чакыруу түшкөн дарекке тезирээк жетип, ыкчам медициналык жардам көрсөтүү зарыл. Бирок, унаа жетишпейт. Ушу тапта 36 бригаданын алтоо бош отурат экен.

Тез жардам кызматына түрдүү кырсыктан адамдын өмүрүнө коркунуч туулганда ыкчам дарылоо, төрөй турган аялды стационардык дарылоо мекемелерине жеткирүү сыяктуу бир катар милдеттер коюлган. Учурда дем алдыруучу, наркоз берүүчү аппараттар, портативдүү электр кардиограф менен жабдылган унааларга муктаждык курч.