Жаңылыктар
Унааны милдеттүү камсыздандыруу
Кыргызстан жаңылыктары
Унааны милдеттүү камсыздандыруу

Жаңырган жылдын 1-апрелинен тарта өлкөдө милдеттүү камсыздандыруу полиси жок унаа ээлерине айып пул салына баштайт. Экономика жана коммерция министрлиги Жоруктар кодексине ылайык, айып пулдун көлөмү 3 миң сомду түзөрүн билдирди. Камсыздандыруу компаниялары айдоочуларга полисти унаанын үлгүсүнө, чыккан жылына, кыймылдаткычынын көлөмүнө жараша тариф менен берет. Камсыздандыруунун эң төмөнкү баасы — 1 миң 680 сомду түзөт.

Адистер унааны милдеттүү камсыздандыруу айдоочулардын өздөрү үчүн пайдалуу жана ыңгайлуу экенин айтат. Эгерде унаа кырсыкка учураса, уурдалса, өрттөлсө же чоочун адам тарабынан бузулса унаа ээси учураган зыяндын суммасын камсыздандыруу компаниясы төлөйт. Тактап айтканда, күтүлбөгөн чыгымды унаа кожоюну тартпайт.

Камсыздандыруу полисин алууда унаанын үлгүсүнө, чыккан жылына, кыймылдаткычынын көлөмү эске алынат жана ошого жараша айдоочу менен келишим түзүлүп полис берилет. Анын эң арзаны 1 миң 680 сомду түзөт.

1-апрелге чейин тиешелүү министрлик мекемелердин жана мамлекеттик камсыздандыруу компаниялары өкүлдөрү тарабынан унаа ээлеринин арасында түшүндүрүү, маалымдоо иштерин жүргүзөт. Ал эми апрель айынан тарта милдеттүү камсыздандыруу полиси жок унаа кожоюндарына айып пул салына баштайт. Айыптын суммасы 3 миң сомду түзөт. Камсыздандыруу документи айдоочунун күбөлүгүнө жараша талап кылынат.

Маалыматтар боюнча өлкөдө унаалардын жалпы саны 1 миллиондон ашык. Мындай мыйзам КМШ жана башка бир катар мамлекеттерде иштейт.