Жаңылыктар
Акылбек Жапаровдун маеги
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаровдун маеги

2022-жылда орун алган урунттуу окуялар, жетишкендиктер жана кемчиликтер тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров “Кабар” улуттук агенттигине маек берди. Төрага өз учурунда кабыл алынган “кризиске каршы чаралардын” планы, экономикага тийгизген соккуларды гана жеңилдетпестен, анын өсүшүн камсыз кыла алганын белгиледи.

Бюджеттин кирешесинин көбөйүүсү, куралдуу күчтөрдүн аскердик техникаларынын жаңыланышы, айлык акы, пенсия, жөлөк пулдардын жогорулашы. Мунун баары 2022-жылы иш жүзүнө ашты. Муну эч ким тана албастыгын белгилейт Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров.