Жаңылыктар
Жылуулук кызматкерлери тынымы жок кызматта
Кыргызстан жаңылыктары
Жылуулук кызматкерлери тынымы жок кызматта

Кышкысын үйдөгү жылуулук башкы оорунда турат. Жагымдуу маанай да болот. Кышкы эс алуу күндөрүнө карабай, тыным албай, дал ошол сиздин үйүңүздү жылуулук менен камсыздоо үчүн, күн-түн дебей эмгектенген кызматкерлер бар. Алар Жалал-Абад шаарындагы жылуулук тармагынын кызматкерлери.

Асан Анарбаев Жалал-Абад шаарындагы жылуулук мекемесиндеги эң чоң откананын биринде оператор болуп эмектенет. Анын кызматы жылуулукту өз денгээлинде камсыздоо. Эгер көп кабаттуу үйлөргө багытталган суу белгиленген температурадан түшүп кетсе, жылуулук төмөндөп кетет.

Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад райондор аралык жылуулук бирикмесинин филиалы калаадагы 80 көп кабаттуу үйдү жалпысынан 2 миң 200 дөн ашуун абонентти жылуулук менен камсыздайт. Андан сырткары 30 дан ашуун бюджеттик жана коммерциялык мекемелерге жылуулук берет. Кыш айына карата ремонт, оңдоп-түзөө жумуштары пландагыдай аткарылган. Жылуулук берүү мекемесинин 19 отканасы бар. Кыш мезгилинде 2 миң 800 тонна көмүр керектейт.