1-январдан тарта Президент Садыр Жапаров кол койгон «2023-жылдын 31-декабрына чейин ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" жарлыгы күчүнө кирди.
Максат - жеке ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестициялык климатты жакшыртуу. Бул аракет ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине канчалык деңгээлде колдоо көрсөтөт?