Жаңылыктар
«Камбар-Ата-1» ГЭСтин курулушун ишке ашыруу боюнча жол картасынын макулдашуусуна кол коюшту
Кыргызстан жаңылыктары
 «Камбар-Ата-1» ГЭСтин курулушун ишке ашыруу боюнча жол картасынын макулдашуусуна  кол коюшту

Бүгүн, 2023-жылдын 6-январында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинде Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын энергетика министрлеринин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун алкагында тараптар «Камбар-Ата-1» ГЭСин куруунун жол картасын иштеп чыгуу боюнча биргелешкен талкуу өткөрүштү. 

Тактап айтканда, долбоорду ишке ашыруудан биринчи үч өлкөгө тең калыс жана пайдалуу болуусуна басым жасалды. Андан соң  тараптар «Камбар-Ата-1» ГЭСтин курулушун ишке ашыруу боюнча жол картасынын макулдашуусуна  кол коюшту.

Маалыматка ылайык, «Камбар-Ата-1» ГЭСди ишке киргизүүнүн болжолдуу мөөнөтү техникалык-экономикалык негиздеме иштелип чыккандан кийин аныкталат. Бирок КРдин энергетика министри Таалайбек Ибраевдин айтымында «Камбар-Ата-1» ГЭСди курууга болгон даярдыктар башталды.  

«Камбар-Ата-1» ГЭСти куруу коңшу үч өлкө үчүн пайдалуу, өзгөчө Кыргызстан үчүн десек болот. Себеби, биздин өлкө электр энергиясын импорттогон эмес, экспорттогон өлкөгө айланышы керек. Эгерде биз коңшу өлкөлөр менен биргеликте «Камбар-Ата-1» ГЭСти куруп алсак, биздин мамлекетте бир топ электр энергиясына болгон тартыштык жоюлат.  Бүгүн биз «Камбар-Ата-1» ГЭСин курулушун ишке ашыруу боюнча жол картасына кол койдук. “Камбар-Ата-1”  ГЭСин курууга даярдык иштери, жол, көпүрө салуу, электр линияларын тартуу, куруу аянтчалары даярдалууда. Анын кубаттуулугу 1860 МВт” - дейт министр

Ал эми Өзбекстан менен Казакстандын делегациялары биргелешкен ишкана түзүүнү толук колдой тургандыктарын билдиришти.