Жаңылыктар
Азык-түлүк коопсуздугу: адистердин пикири
Кыргызстан жаңылыктары
Азык-түлүк коопсуздугу: адистердин пикири

Кыргызстан социалдык жактан маанилүү тизмеге кирген тогуз азыктын ичинен үчөө менен гана өзүн толук камсыздайт. Булар: сүт, картошка жана жашылча. Мындан улам Кыргызстандагы кымбаттоонун көбү сырткы себептерге байланыштуу. Аткаруу бийлиги импортко болгон көз карандылыкты азайтуу үчүн айыл чарбасына айрыкча көңүл бурууну милдеттендирет. Бул тармакты колдоого былтыр казынадан 26 млрд сомго жакын каражат бөлүнгөн.