Кыргызстан быйыл дагы коңшу Казакстан жана Өзбекстан менен энергетика тармагында кызматташуусун улантат. 3 өлкөнүн тармактык министрлери Бишкекте чогулуп, экспорт, импорт маселелери жана модернизациялоо, тажрыйба алмашуу, электр түйүндөрүндөгү ишти санариптештирүү сыяктуу маселелерди талкуулашты.