2023-жылдын 7-январында КРдин энергетика министри Таалайбек Ибраев Балыкчыда Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын жана Кочкордо Нарын электр тармактар ишканасынын кызматтык жамааты менен жыйын өткөрдү.
Энергетиктер менен болгон жыйындын жүрүшүндө ишкананын жетекчилери 2022-жылы аткарылган иштер тууралуу отчет беришти. Мындан тышкары 2023-жылга коюлган пландар тууралуу маалымат берилди.
Жолугушуунун жүрүшүндө компаниянын финансылык-экономикалык көрсөткүчтөрү талкууланды. Мындан тышкары министр ишкананын жетекчилерине кардарларды ыкчам тейлөө максатында транспортту көбөйтүүнү, Каракол жана Чолпон-Ата шаарында акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштерин тездетүүнү, кызматкерлерди коопсуздук каражаттары менен толук кандуу камсыз кылуу тапшырмасын берди.
Энергетика министри Таалай Ибраев кышкысын керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоонун маанилүүлүгүн белгилеп, энергетиктерди авариялык өчүрүүлөргө жол бербөө максатында баардык чараларды көрүп, ыкчам иш алып барууга чакырды.
“Өзүңөр билгендей Кыргызстан боюнча тоолуу аймактрада өзгөчө суук болот. Алдыда күтүлүп жаткан катуу суук күндөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып баргыла. Энергетиктердин милдети калкка үзгүлтүксүз электр энергиясын берүү ”- дейт Ибраев.