Жаңылыктар
Турист: кышкы туризм Кыргызстанда өнүгүп келатат десем болот
Кыргызстан жаңылыктары
Турист: кышкы туризм Кыргызстанда өнүгүп келатат десем болот

Жыл жаңыргандагы эс алуулар Кыргызстанда кышкы туризмдин өнүгүшүнө өбөлгө болду. Туризмдин бул түрүнүн борбору болгон Каракол тоо-лыжа базасында кадимкидей эл батпай калды. Бул жердеги курорт быйылкы кышкы туризм мезгилинде КМШдагы эң популярдуу үчтүккө да кирген. Ошондой эле Каракол калаасы былтыркы жылы КМШнын борбору деп да табылган. Ага кошулуп акыркы геосаясий окуялар бул аймакка келген туристтердин агымын арбытты. Ал эми калың жааган кар Бишкек шаарына жакын жайгашкан тоо базаларынын ишин да активдештирди.

КАМ: Пандемиядан кийин кыргыз туризми кайрадан бутуна туруп келе жатат десек болот. 2019-жылдын жыйынтыгы менен бул тармак рекорддук өсүүгө жеткен. Өлкөнүн ички дүң продукциясында туризмдин үлүшү 5 пайызды түзүп, 2020-жылы үч пайызга түшүп кеткен. 2021-жылы 3,6 пайызга чыккан. Былтыркы жылдын жыйынтыгы да ушундай өсүштү берсе, бул жылда пандемияга чейинки көрсөткүчкө жетүүгө мүмкүн.