Жаңылыктар
Жаңы жылда азык-түлүктүн баасы өзгөрдүбү?
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы жылда азык-түлүктүн баасы өзгөрдүбү?

Жаңы жылдын келиши, майрамдын алды, майрамдан кийинки эс алуу күндөр адатта Кыргызстанда азык-түлүккө болгон баа менен байланышат. Дал ушул күндөрдө керектөөгө жараша текчедеги товарын кымбаттатып саткандар болбой койбойт. Анын үстүнө быйыл декабрь айынын аягында “жаңы жылдан кийин дан азыктары кымбаттайт экен” деген кабар чыгып, көпчүлүктү дүрбөлөңгө салды. Анткени былтыркы жыл менен кошо дан азыктарына карата кошумча нарк салыгы боюнча жеңилдик аягына чыкмак. Бирок министрлер кабинети кырдаалга ыкчам көңүл буруп, абалды туруктуу сактап калганга үлгүрдү.