Жаңылыктар
Таласта жаңы спорт комплекси ачылды
Спорт
Таласта жаңы спорт комплекси ачылды

Талас облусунун Манас районуна караштуу Покровка айылында жаңы спорт комплекси ачылды. Бул туурасында президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Салтанаттуу иш-чарага президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышты.

“Жылдын жыйынтыгы менен Талас облусунда 284 долбоорду ишке ашыруу үчүн 506 млн сом каралып, конкреттүү иштер жасалды. Аймактарды өнүктүрүүдө эл колдоо көрсөтүп, туулуп-өскөн жерине болгон урматы, сыйын, сүйүүсүн, алгылыктуу иштер менен толуктап жатат. Ушундай демилге көтөргөн инсандарга, ыраазымын”, - дейт облус башчысы өз билдирүүсүндө.

Айта кетсек, аталган имараттын курулушуна республикалык бюджеттен 38 млн сом акча каражаты сарпталды.