Жаңылыктар
Чаткалда жол жабык
Кыргызстан жаңылыктары
Чаткалда жол жабык

8-январда, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Красная Горка — Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдагы аралыктарында кар көчкү түшүп, жол эки тараптуу жабылып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кар көчкүнүн көлөмү 7 миң 725 куб метрге жетет. Жеринде эки техника тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.