Жаңылыктар
Жумашев «Юнайтед» клубуна өттү
Спорт
Жумашев «Юнайтед» клубуна өттү

«Абдыш-Ата» клубунун чабуулчусу Атай Жумашев карьерасын Индия чемпионатында улантат.

24 жаштагы форвард «Ражастан Юнайтед» командасына өттү. Бул тууралуу индиялык клубдун расмий баракчасы жазып чыкты. Аталган футболчу Кыргыз кесипкөй футбол лигасынын версиясы боюнча 2022-жылдын мыкты оюнчусу деп табылган.

«Ражастан Юнайтед» Индиянын 1-лигасынын катышуучусу. Бул команданын карамагында Айдар Мамадраимов менен Бектур Амангелдиев да ойнойт.

6-январда 10-турдун алкагында Жумашев жаңы клубдун курамында «Мохаммедан» командасына каршы дебюттук беттешин өткөрдү. Оюн 1:1 эсебинде аяктады.

Жумашев былтыркы сезондо «Абдыш-Ата» үчүн ойноп, Кыргызстан чемпионатын жана өлкө кубогун уткан.