Жаңылыктар
Шевченко октагонго качан кайтып келет?
Спорт
Шевченко октагонго качан кайтып келет?

UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко (22-3) кезектеги беттешин март айында өткөрүүгө даяр экенин айтты.

«Мен үчүн март айы ыңгайлуу учур. Ошондуктан мени менен беттешүүгө даяр атаандаш бар болсо жакшы. Январь айы кирип келди. Ал эми майрам деп жатып убакыт билинбей өтөт. Март айында октагонго чыгууну пландап жатам. Мен титулга талапкер болгон бардык мушкерлер менен беттешкенге дайынмын», - дейт Шевченко UFCге берген интервьюсунда.

Шевченко акыркы эрөөлүн 12-июнда UFC 275 мелдешинде өткөргөн. Анда калыстардын чечими менен Тайла Сантосту жеңип (48-47, 47-48, 49-46), чемпиондук курун ийгиликтүү коргоп алган.