Жаңылыктар
Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айылында 180 үй көчкү коркунучунда турат
Өзгөчө кырдаал
Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айылында 180 үй көчкү  коркунучунда турат

Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айылында 180 үй көчкү  коркунучунда турат. Коопсуз жайга көчүрүү талабы менен жашоочулар бийлик өкүлдөрүнө  бир нече ирет кайрылышкан. Бирок эч кандай тыянак чыкпай келет дешет. 2010-жылы  катуу жааган жамгырдан улам бул айылда көчкү жүргөн. Андагы тоонун урандылары  турактарга жакын келип, андан да көчкү жүрүү коркунучу күчөгөн. 

Үч миңдин тегерегинде калк жашаган Кара-Кулжанын Ой-Тал айылы Өзгөчө кырдаалдар министирлиги тарабынан кооптуу деп  табылганына алты жыл болду. Коопсуз жайга көчүрүү маселеси менен тургундар бийлик өкүлдөрүнө бир нече ирет кайрылуу жасашкан. Бирок бүгүнкү күнгө чейин тыянак чыкпай келет. Жашоочулар болсо өмүрүбүздү тобокелге салып жашап келе атабыз дешет.

Айылда жашоого мүмкун эмес деген жүйө менен жаңы үй салууга да тыю салынган. Ошондуктан көпчүлүгүнүн турак жайлары эскирип, авариялык абалда. Учурда 180 үй көчкү коркунучунда турса, анын 28 өтө кооптуу абалда. Аларды чукул арада чыгарып кетүү тапшырмасы алты жыл мурун жергиликтүү бийликке жүктөлгөн. 

Ой-Тал айыл аймагындагы жер көчкү коркунучу бар  делген аймактан он бир кожолук мамлекет тарабынан коопсуз жайга көчүрүлгөн. Ал эми калгандары жер тилкесин жана ссуда ала электигине байланыштуу, кооптуу жайда жашоосун улантып жатышат.

Өзгөчө кырдаал министирликтен кошумчалашкандай, айрымдары башка жакка көчүүгө макул болбой келишет. Мындан улам тургундарды кооптуу жайдан алып чыгуу үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Эске салсак, Ой-Тал айылында катуу жааган жамгырдан улам көчкү жүргөн.