Жаңылыктар
Артем Прядкин “Дордой” клубуна өттү
Спорт
Артем Прядкин “Дордой” клубуна өттү

“Дордой” футбол клубунун басма сөз кызматы дарбазачы Артем Прядкин командага кошулганы тууралуу кабарлады.

“Кыргызстандын улуттук жана олимпиадалык курама командаларынын 21 жаштагы дарбазачысы бизге эркин агент катары кошулду. Келишим бир сезонго түзүлдү. Артем биздин командада 13-катар санында оюн алып барат” - деп жазылат маалыматта.

Жаш дарбазачы чоңдор арасындагы профессионалдык карьерасын 2020-жылы “Илбирс” клубунда баштаган. Андан соң ал Казахстандын “Жетысу Б” жана “Шахтер-Булат” командаларында ойногон. 2020-жылдын башында Прядкин “Нефтчи клубу менен келишим түзгөн. Бирок Кочкор-Аталык команданын негизги оюнчусу боло албагандыктан жайында “Алга” жаатында карьерасын уланткан.