Жаңылыктар
Кыргызстандык теннисчилер Азия чемпионатына катышат
Спорт
Кыргызстандык теннисчилер Азия чемпионатына катышат

Кыргызстандын теннис боюнча 14 жашка чейинки өспүрүмдөр курама командасынын төрт өкүлү Бахрейнге барды. Алар Азия чемпионатынын тандоо этабына катышарын өлкөнүн Теннис федерациясы маалымдады. 

Билдирүүгө ылайык, мелдеш бүгүн, 9-январда, башталып, 19-январга чейин уланат. "Тандоо оюндарынын жыйынтыгы жана эл аралык рейтингдин натыйжасында биздин өлкөнүн намысын талашуу төрт жаш теннисчиге буюрду. 

Алар: Ева Гавшина, Камила Арипова, Давид Могилевский жана Султан Сатыкеев. Оюнчулардын машыктыруучусу Фархад Урумбаев", — дешти федерациядан.