Кыргызстан Премьер лигасынын 2022-жылдагы сезонунун эң мыкты бомбардири Эммануэль Ягр Индиянын “Черчилль Бразерс” клубуна өттү. Аталган команда Индиянын биринчи лигасында ойнойт. 8-январь күнү “Гокулам Керала” жаатына каршы жолугушууда Ягр жаңы командасы үчүн дебют жасап, 86-мүнөттө майданга чыкты.
Борбордук чабуулчу 2021-жылы Оштун “Алай” клубунун катарына келип кошулган. Өткөнкү сезондо ал чемпионатта 23 оюн өткөрүп, 14 голдун автору болгон. Натыйжада ал мыкты бомбардир сыйлыгын жеңген.
Ал эми 2 жыл ичинде Ягр “Алай” үчүн жалпы 51 расмий жолугушууга чыгып, 24 гол киргизип, өнөктөштөрүнө 9 голдук пасты чыгарып берген. 24 жаштагы Эммануэль Гананын “Кристал Пэлас” академиясынын тарбиялануучусу. Чоңдор арасындагы профессионалдык карьерасын 2017-жылы Грузиянын “Гурия” клубунда баштаган.